Орусияда кампада иштегендер мушташа кетип, кыргызстандык бычактан жаракат алды

Москванын жанындагы Электросталь шаарында 27-августта эртең менен Wildberries кампасында жумушчулардын арасында массалык мушташ чыгып, ага 40ка жакын адам катышкан, алардын айрымдарында бычак болгон.

Baza-Telegram каналынын маалыматына караганда, мушташ кайым айтышуудан башталган. Анын кесепетинен 2 жаран жаракат алган. Колунан бычактан жаракат алган 22 жаштагы Кыргыз жараны жана көкүрөгүнөн жаракат алган 21 жаштагы орусиялык жаран ооруканага жеткирилген. Милиция бейбаштык беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.