Адам өлтүрүү фактысы боюнча мамлекеттер аралык издөөдө жүргөндөр Бишкектен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарында жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө, Орусиянын аймагында жасалган оор кылмыш үчүн мамлекеттер аралык издөө жарыяланган 2 жаран кармалды. Азербайжандын жана Орусиянын 2000 жана 2001-жылы туулган жарандары 36 жаштагы кишинин өлүмүнө байланыштуу мамлекеттер аралык издөөдө жүрүшкөн.
Кылмыш иши Орусиянын Ханты-Мансийск автономдуу округу – Югра боюнча тергөө органдары тарабынан иликтенүүдө. Маалыматтарга караганда, 28-августка караган түнү Сургут шаарында бычак менен куралданган жогоруда аталган адамдар 1988-жылы туулган жаранга 100дөн ашык жаракат келтирген. Алган жаракатынан улам жабырлануучу окуя болгон жерде көз жумган. Шектүүлөр кийин изин жашырып, качып кетишкен. Издөөдө жүргөндөр борбор калаанын кичи райондорунун биринде ижарага алынган батирде жашынышкан. Учурда кармалган адамдар камакка алынды.