Орусияда коомдук тартипти бузган делип партиялардын биринин тарапташтары кармалды

18-ноябрь күнү Орусия Федерациясынын укук коргоо органдары Москва шаарында уруксат берилбеген акцияларды уюштуруп, коомдук тартипти бузган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапташтарын кармаган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Орусиянын ички иштер органдарынын маалыматы боюнча, Кыргыз жарандарынан турган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын ондогон тарапташтары партиялардын атрибуттары менен жөө жүрүш уюштуруп, саясий ураандарды кыйкырып, коомдук тартипти бузушкан. Ошондой эле, алар жолдун жээгинде транспорт каражаттарынын жүрүшүнө тоскоолдук жаратканына байланыштуу Москва шаарынын тынчсызданган тургундары тиешелүү чараларды көрүү үчүн Орусиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча бөлүмүнө бир нече кайрылууларды жөнөтүшкөн. Аталган факты боюнча акциянын уюштуруучусу Эмил Бекиевге карата Административдик укук бузуулар жөнундө кодексинин 20-2-беренесинин 3-бөлүгүнө (жыйналышты, митингди, демонстрацияны, жүрүштөрдү же пикеттерди уюштуруунун же өткөрүүнүн белгиленген тартибин бузуу) ылайык административдик материал түзүлгөн.

Калган катышуучуларга карата Административдик укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 20.2-беренесинин 4.6.1-пунктуна ылайык административдик материалдар түзүлдү. Ошондой эле, кармалгандардын ичинен Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузган 3 адам аныкталып, аларга карата Административдик укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 18.8-беренесинин 3-бөлүгүнө (Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Орусияга кирүү эрежелерин же Орусияда жүрүү (жашоо) режимин бузуусу) ылайык административдик материалдар түзүлдү.

Москва шаарынын райондук сотунун 18-ноябрдагы чечими менен Кыргызстандын 7 жараны 10 күнгө камакка алуу түрүндө административдик жоопкерчиликке тартылды. Андан сырткары, ушул эле сот тарабынан акциянын дагы 7 катышуучусуна 20 миң рубль өлчөмүндө административдик айып салынды. Мыйзамсыз акциянын уюштуруучусу Эмил Бекиев коомдук тартипти жана жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 15 күнгө камакка алынды.