Орусияда короо шыпыргыч болуп иштеген Кыргыз жараны каза болду

Орусияда короо шыпыргыч болуп иштеген Кыргыз жараны каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ЖМКлары жазышты.

30 жаштагы кыргызстандыктын жансыз денеси Санкт-Петербург шаарында жайгашкан жатаканалардын биринин терезесинин жанынан табылган. Ал короо шыпыргыч болуп иштегени маалымдалууда. Маркумдун сөөгү өлүм себебин аныктоо үчүн экспертизага жөнөтүлгөн. Адистер бийиктиктен кулаган учурга мүнөздүү травмаларды каттаган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери кырсык боюнча иликтеп жатышат.