Орусияда курулушта кыргызстандык жигит көз жумду

иллюстрация

Орусиянын Владивосток аймагындагы курулуп жаткан имаратта кыргызстандык адам көз жумду. Бул маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

К.Жыргалбек уулу курулуш тармагындагы «ИнтерПол» компаниясына 16-июлда жумушка кабыл алынган. Кырсык жаан жааган 6-августта ширетүү иштерин жасап жатканда болгон. Аны менен бирге бир тууганы Б.Жыргалбек уулу иштеп жүргөн.

Расмий маалымат боюнча, маркумдун туугандары жумуш берүүчүлөр тарабынан компенсация алат. Ошондой эле маркумдун эмгек акысы төлөнүп, анын сөөгүн үйүнө жеткирүү үчүн 4 адамга Хабаровск—Москва—Ош багыты менен учак билети алынган.