Орусиянын Владивосток шаарында 14-августта кыргызстандык эки жумушчу жаракат алган кырсык болгонун Владивосток онлайн басылмасы Тергөө комитетиндеги булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, жергиликтүү ЖЭБ-2де оңдоо иштери жүрүп жаткан. Темир конструкция кулап, үч жумушчу 8 метр бийиктиктен кулап каза болушкан. Бул конструкция кыргызстандыктардын үстүнө түшкөн. Алар Владивостоктогу 2-клиникалык ооруканага жеткирилген.
«15-августка карата Владивостоктун №2 клиникалык ооруканасында бир жумушчу реанимацияда жатат, ал эми экинчи бейтаптын абалы орто оор, нейрохирургиялык бөлүмдө дарыланууда», — деп жазды ЖМКлар.
Бул боюнча ТИМ азырынча маалымат бере элек.