Орусияда кылмыш кылууга шектүү Бишкекте кармалды

Бишкекте мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2013-жылдын июль айында Орусиянын ички иштер органдары тарабынан М.А. аттуу жаран Москва облусунун аймагында кылмыш жасагандыгы үчүн издөөгө жарыялаган. Бишкек шаарынын аймагынан коомдук жайларда жүзүн таануу функциясы орнотулган сырткы видео байкоо камералары аркылуу 19-мартта милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп берилди.