Орусияда Кыргыз жана Тажик жарандарынын ортосунда мушташ чыкты

иллюстрация

Москванын түштүк-батышындагы кафеге келгендердин ортосунда мушташ чыгып, натыйжада 6 адам ооруканага жаткырылып, 9у кошумча иликтөө үчүн полицияга жеткирилген. Бул тууралуу ТАСС Орусиянын ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Вернадский проспектиси 39 дарегиндеги жаңжал тууралуу маалымат полицияга мурунку түнү келип түшкөн. «Окуя болгон кафеге барган полиция кызматкерлери 6 адамды таап, Тез жардам бригадасы аркылуу медициналык мекемелерге жеткиришти. Ошондой эле, 9 жаран убактылуу кармоочу жайга кошумча иликтөө үчүн алынып келинди», — деп айтылат маалыматта.

Кармалгандардын ичинен 2 адам миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 7 киши майда бейбаштык үчүн административдик жоопкерчиликке тартылышкан. Полиция тергөө иштерин улантып жатат. ТАССтын укук коргоо органдарындагы булагы жарандардын ортосундагы жаңжал мушташка чейин жеткенин, ага 15 адам — ​​Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары катышкандыгын тактады. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, мушташ жеке пикир келишпестиктерден чыккан.