Орусияда кыргыз жарандарына бычак урган делип 2 адам кармалды

Орусиянын Химки шаарында Кыргызстандын 4 жараны бычакталган окуя боюнча 2 адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМден белгилешкендей, ал окуя 9-июлдан 10-июлга караган түнү болгон. «Блок Пост»  бильярд клубунда болгон мушташта 4 кыргыз жараны белгисиз адамдардан бычак жеген. Жаракат алган жарандар №1 борбор шаардык ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин кароосунан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Бул окуя боюнча полиция Кылмыш кодексинин 213-беренесинин 2-бөлүмү (Курал же курал катары колдонулган буюмдарды колдонуу менен жасалган ээнбаштык) боюнча кылмыш ишин ачкан.

Кечээ, 15-июлда аталган ишке шектүү катары эки адам кармалып, алар күнөөлөрүн  мойнуна алышкан.