Москвада Кыргыз жараны тапанчадан жаракат алды. Бул тууралуу орус ЖМКлары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 3-октябрда кечинде Ореховый бульварында катталган. Белгисиз жаран 30 жаштагы Кыргыз жаранын тапанча менен ичке атып, качып кеткен. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Учурда кылмышкер изделип жатат.