Орусияда Кыргызстан менен Тажикстандан барган жарандар дүкөнгө ууруга кирип, сатуучуну өлтүрө сабашкан деп шектелүүдө

Москванын четиндеги Истра шаарында каракчылык болуп, жергиликтүү тургун каза болду. Полиция төрт шектүүнү кармады — алардын баары коңшу өлкөлөрдөн келген жарандар. Бул тууралуу Москва облусунун ИИМинен билдиришти. 

Окуя 9-февралга караган түнү болгон. «Пятерочка» дүкөнүнө эки бет кап тагынган киши кирген. Алар балтанын жыгач сабы менен дүкөндүн кассирин жана башкаруучусун жана аны жумуштан алып кетүүгө келген жолдошун сабап салышкан. Сейфтеги акчаны алышып, көчөгө чыгышкан. Көчөдө аларды дагы 2 жаран күтүп турган. Алган жаракатынан кассир көз жумган. Ал эми сабалган жарандар ооруканага жаткырылган.

Орус ЖМКлар жазган маалыматтарга караганда, кармалган шектүүлөр Кыргызстан менен Тажикстандан барган, болжол менен 26-41 жаштагы жарандар. Алар сейфтен 96 миң рубль алып кетишкен. Тергөө жүрүп жатат.