Орусияда Кыргыз жараны 11 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелип жатат

Санкт-Петербургда Кыргыз жараны 11 жаштагы кызга сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кылмыш иши шаардын Невский районунун тургунунун арызынын негизинде козголгон. Тургун жашы жете элек кызына кол салуу болгондугу тууралуу арыз жазган. Кыз Дальневосточный проспектисиндеги 15 кабаттуу үйдүн лифтине киши менен түшкөн.

Кыргызстандык эки суткага кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Ал 2019-жылы Орусияга иштегени барып, миграциялык каттоого туруп, бирок эки жарым жылдан кийин расмий жумуш орду жок калган.