Орусияда Кыргыз жараны өлтүрүүгө шектелип кармалды

Москвада Кыргызстандын 39 жаштагы жараны кармалганын Орусиянын Тергөө комитети билдирди.

Ал Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (Бейбаштыктан улам адам өлтүрүү) жана 139-беренесинин 2-бөлүгү (Турак жайдын кол тийбестигин бузуу) боюнча шектелүүдө.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 19-октябрда кыргызстандык 78 жаштагы москвалык аял жашаган батирге кирип, анын башына бир нече жолу урган. Аял алган жараатынан ооруканада каза болгон. Кылмыш иши Орусиянын Тергөө комитетинин Борбордук аппаратында көзөмөлдө. 

«Фонтанка» басылмасынын маалыматына караганда, маркум искусство таануу илимдеринин доктору, жазуучу Кирсанова болгон. Ошол күнү шектүү досу менен жолугуп, жумушка орношкону барган. Ага жумуш жок экенин билген кыргызстандык батирлердин туткасын тарта баштаган. Алардын бири ачык болгон. Аялдын үйүнө кирип, аны сабап, андан соң ошол жерде уктап калган. Коңшулар ызы-чууну уккандан кийин полиция чакырышкан. Укук коргоо кызматкерлери батирден уктап жаткан шектүүнү жана ошол учурда эс-учун жоготкон Кирсанованы табышкан. Кыргызстандык эч нерсе эсинде жок экенин билдирген.