Орусияда кыргызстандык жаран 13 жаштагы кызга ыдык көрсөткөн деп шектелип, кармалды (видео)

Орусиянын Новосибирск шаарында 13 жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн делип Кыргызстандын 27 жаштагы жараны кармалганы Орусиянын Тергөө комитетинин сайтында айтылат.

Ал 24-ноябрга чейин СИЗОго камалды.

Орус басылмаларынын маалыматы боюнча, кармалган адам Халилджон А. Новосибирск шаарында жергиликтүү эшиктерди чыгарган ишканалардын биринде кампачы болуп иштеген. Тергөөнүн маалыматы боюнча, кыргызстандык жашы жете элек кыз менен август айынан сентябрга чейин жазышып, аны жолугушууга азгырып келген.