Санкт-Петербург шаарында 4 айлык наристе чарчап калганын орусиялык 78.ru басылмасы жазып чыкты.
Басылманын маалыматы боюнча, наристенин апасы 33 жаштагы Өзбек жараны, ал пол жууп иштейт. Наристе атасыз чоңоюп жаткан. Ошол күнү наристени апасынын курбусу 22 жаштагы Кыргыз жараны карап калган. Апасы болсо, жумушта болгон.
Наристенин жансыз денесин кароо учурда эч кандай зомбулуктун белгилери байкалган эмес.