Орусияда кыргызстандык кыздын 6-кабаттан кулашы. Жаңы жагдай айтылды

Орусиянын укук коргоо органдары кыргызстандык кыздын 6-кабаттын терезесинен кулап кетишинин болжолдуу себебин аныктады. 

Фонтанка басылмасынын маалыматына караганда, полиция «Зордуктоо» жана «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ошол түнү 22 жаштагы кыргызстандык кызды таанышы зордуктаган. Андан кийин ал зордукчудан качууга аракет кылып, терезеден секирген.