Орусияда кыргызстандык таксист көз жумду

Орусияда жол кырсыктан эки адам көз жумду. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазышты.

Маалыматка караганда, кырсык 4-март күнү таңга маал Москва айланма жолунун 91-чакырымында болгон. Газель жеңил жол кырсыгына кабылып, жолдун ортосуна токтоп калган. Айдоочу жолго белги коюуга үлгүрбөй калган, аны такси унаасы сүзгөн. Айдоочу Кыргыз жараны болгон, таксиде отурган Азербайжан жараны дарыгерлер келгиче жан беришкен.