Орусияда кыргызстандык таксист уктап калган кардарын зордуктоого шектелүүдө

Орусиянын Москва шаарында таксист унаасында уктап калган кардар аялды зордуктады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 8-апрелге караган түнү 1984-жылы туулган аял зордукталганын айтып арыз жазган. Арызында ал корпоративдик кечеден чыгып мобилдик тиркеме аркылуу такси чакырып, спирт ичимдигин  ичип алгандыгы үчүн таксиде уктап калганын билдирген. Бул абалдан пайдаланып аны таксист зордуктап жаткан учурда ойгонуп кеткенин белгилеп, айдоочуга карата чара көрүүнү суранган.

«Кылмышка шектелип 9-апрелде 26 жаштагы кыргызстандык жаран кармалды. Ал кылган кылмышын моюнуна алып, «зордуктоо» беренесинин негизинде тергөө иштери уланып жатат«, — деп жазылат маалыматта.