Орусияда кыргызстандык үй-бүлө жол кырсыкка кабылды. Кызынын абалы оор

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Орусиянын Челябинск облусунда Кыргыз жарандары жол кырсыкка кабылышты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Кечээ, 7-сентябрда Златоуст шаарына жакын жерде Рено Логан жеңил унаасы менен Кыргыз жараны каршы тилкеге ​​чыгып кетип, натыйжада Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Жеңил унаанын ичинде бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон. Ата-эне жана анын 4 баласы. Баары Кыргыз жарандары. Айдоочу жубайын балдары менен аэропорттон тосуп алган. Алар Ош-Уфа аба каттамы менен барышкан. Жабыркагандар ооруканага жеткирилип, 12 жаштагы кызга операция жасалды. Абалы оор. Башкаларынын абалы канааттандырарлык.