Орусияда кыздын өлүмүн 2 күн жашырган делген кыргызстандык бала багуучу бошотулду

Орусияда 2 жашар кыздын өлүмүнө шектелген кыргызстандык бала багуучу бошотулду. Анын күнөөсү далилденген жок. Бул тууралуу Ленинград облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындай чечим айыптоочу тарап жетиштүү далилдерин келтирбегендиктен, кыздын өлүмүнүн себеби аныкталбагандыктан чыгарылган.

2 жаштагы кыздын жансыз денеси 30-январда бала багуучусунун үйүнөн табылган. Бала багуучу болуп иштеген Кыргыз келиндин айтымында, кыз өзүн жаман сезе баштаганда апасына чалып, чакырган. Тергөө кызматкерлерин айтылган версия шек жараткан. Мындан тышкары, экспертизанын алдын ала жыйынтыгы боюнча, кыздын эки күн мурда эле көз жумганы маалым болгон. Кыздын апасы — Өзбекстандын жараны. Ал көп иштегендиктен кызын бала багуучуга таштап кетүүгө аргасыз болгон.