Орусияда мекендешине тапанча такап, 1 миллион сом талап кылган делип кармалган жарандын агасы: «Жигиттер андан өз акчасын доолап барышкан»

21-июнда Ички иштер министрлигинен Орусияда 5 кыргыз жигит кармалганын, алар мекендешин унаага отургузуп, токойго алып барып, тапанча кезеп андан 1 миллион сом талап кылууга шектелип жатканын билдиришкен. Бул окуя боюнча өз чындыгын айтуу үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине шектүүнүн агасы кайрылды. Анын айтымында, жигиттер жабырлануучудан өз акчасын доолап барышкан.

«Мен кылмышка шектелип кармалган 5 жигитти тең тааныйм. Жабырлануучу жарандарды алдап жүргөн бала. Ал Орусиянын жарандыгын алган. Ошол жарандыгына таянып, 20дан ашык жигитти алдаган экен. Кыргызстандан барган балдарга такси кызматын көрсөтүүгө унааларды берет. Ал «унааны биротоло сатып ал, акчасын бөлүп төлөй бересиңер» деп, алгачкы акчасын (первоначальный взнос) алат да, калганын айларга бөлүп салат. Ай сайын жигиттер ага акча берип турушат. Анан эле, акчасын төлөп бүтөргө 1 ай калганда унааны тартып алат.

Окуя мындай болгон. Менин инимдин жашаган жерине Сапар деген бала барат. Ал ага Өмүрбек деген жаш жигит жабырлануучуга 600 миң сомун алдатканын айтып, жардам сураганын айтат. Менин инилерим макул болуп, жабырлануучу баланы табышат. Аны унаага салып 2 чакырым ары бир көп кабаттуу үйдүн алдына алып барып, коркутушуп, өз акчасын доолашкан. Азыр ар бир жигиттин колунда чектери бар, акчасын ала алышпай жүрөт. Булар (ред. жабырлануучу) кыргыз жигиттери бир нерсе дешсе эле, полицияга салып беришет», — деди ал.