Орусияда митингге чыккан жарандын Кыргызстанга өткөрүлүшү боюнча УКМК маалымат берди

УКМК тарабынан улуттар аралык кастыкты козутуу фактыларын жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында чет өлкөдө жүргөндө Фейсбуктагы баракчасына мезгил-мезгили менен кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү басылмаларды жарыялап турган. Кыргыз жараны Эмил Бекиев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен жаранга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сырттан тандалган.

Ушул жылдын 6-сентябрында жаран Орусиянын мыйзамдарын бир нече жолу бузууга жана Орусияга каршы иш-аракеттерди жүргүзүүгө байланыштуу Москва шаарынын Преображенский райондук сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагына депортацияланган. Бүгүн, 7-сентябрда жаран 330-берене боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталып, УКМКга өткөрүп берилди. Учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында сотко жөнөтүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.