Орусияда мушташтан кийин кармалган Кыргыз жарандары тууралуу элчилик маалымат таратты

Орусияда мушташтан кийин кармалган Кыргыз жарандары тууралуу элчилик маалымат таратты. Ага ылайык, буга чейин орусиялык басылмаларда жазылгандай 9 Кыргыз жараны эмес, 15 Кыргыз жараны кармалган, 1 жаранга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

«1-январда Москва шаарынын түштүк-чыгышында Кыргыз жарандарынын катышуусунда болгон массалык мушташка байланыштуу, ушул жылдын 2-январында элчиликтин кызматкерлери окуянын чоо-жайын тактоо жана Кыргыз жарандарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Орусиянын Ички иштер министрлигинин Текстильщики райондук бөлүмүнө барышты. Москва полициясы менен өз ара аракеттенүү уланууда. РИИБге 15 Кыргыз жараны жеткирилген. Элчиликтин юристтеринин жардамы менен бир Кыргыз жаранына медициналык жардам көрсөтүлдү. Тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча окуянын катышуучуларына карата чаралар көрүлөт», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин орусиялык басылмалар Москвада Жаңы жыл түнү мигранттар дагы мушташышып, үч адам бычактан оор жаракат алганын, мушташка үч Өзбек жараны, он Кыргыз жараны катышып, полиция кызматы тарабынан 9 Кыргыз жараны кармалганын жазышкан.