Орусияда мүрзөдө кызды зордуктап, өлтүрүүгө шектүү кыргызстандык 19 жылга эркинен ажыратылды

Кечээ, 26-июлда Орусиянын Краснодар облустук соту Кыргызстандын жаранына карата өкүм чыгарганын соттун басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш 2022-жылдын 20-августунда Сочидеги муниципалдык мүрзөдө болгон. Кечки саат бештер чамасында кыргызстандыкка көрүстөндүн жумушчусу деген ой менен кыз ага жардам сурап кайрылган. Ал чоң энесинин мүрзөсүн таап берүүнү суранган.

Айыптоочу тараптын айтымында, ал жардамга келип, аны айтылган мүрзөгө жеткирип, андан соң кол салган: кызды зордуктап, андан соң муунтуп өлтүргөн. Андан кийин ал кыздын буюмдарын, анын ичинде банктык картасын алып, ал карта менен дүкөндө соода кылган. Анын кылмыш учурунда мас болгону айтылды. Сотто адам өкүнүп, өлтүрүлгөн аялдын апасынан кечирим сураган. Аны сот 19 жылга эркинен ажыраткан.