Орусияда оор кылмыш кылып, качып жүргөн жаран Бишкекте кармалды

Милиция кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бишкек шаарында милиция кызматкерлери, буга чейин Орусия мамлекетинде оор кылмыш жасап качып кетип, эл аралык издөөгө жарыяланган жаран коомдук жайларда орнотулган жүзүн таануу функциясы бар сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармады.

Видеобайкоо камералары аны издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган, ал оор кылмышка шектүү болуп, бирок качып кетип эл аралык издөөдө жүргөн. Белгилей кетсек, ага карата 2015-жылы Орусия мамлекетинин аймагында оор кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалган.