Орусияда Өзбекстандык жаран чогуу жашап жүргөн 31 жаштагы аялды өлтүргөнүн мойнуна алып, полицияга барды. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазды.
Маалыматка караганда, окуя 9-декабрда Санкт-Петербургда болгон. Шектүү чогуу жашап жүргөн аялды өлтүрүп, жансыз денесин чемодонга салып, үйдүн жер төлөсүнө катып койгон. 10-декабрда өз өлкөсүнө чыгып кеткен. Өлкөсүнө барган соң, полицияга кайрылып, окуяны айтып берген.
Полиция жер төлөдөн чемоданга салынган аялдын жансыз денесин тапкан. Алдын ала маалымат боюнча, экөө урушуп кетип, аялды жаздык менен тумчуктуруп өлтүргөн. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.