Орусияда шек жараткан кыргыз жигит кылмыш үстүнөн колго түштү

Орусиянын Казань шаарында Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин Казань шаары боюнча башкармалыгынын сайтында айтылат.

18-апрелде Казань шаарындагы көчөлөрдүн биринде жаш жигит полиция кызматкерлеринин көңүлүн бурган. Жигит мыйзамсыз иш жасап жаткандай шек жараткан. Полиция кызматкерлери жигиттин кийимдерин текшергенде бир чөнтөгүнөн кара тасма менен оролгон 13 таңгак табышкан. Андан кийин аны камакка алууну чечишкен. Колго түшкөн жигит Кыргызстандын 27 жаштагы жараны экени белгилүү болду.

Ыкчам тергөө тобу барганда шектүү жигит буга чейин бир нече жерге баңгизат катууга үлгүргөнүн айткан. Ал көрсөткөн жерден дагы 18 таңгак табылган. Табылган таңгактар экспертизага жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 32,89 грамм болгон заттын курамында мефедрон синтетикалык баңгизаты бар экени аныкталды. Кармалган жигиттин үстүнөн баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун ири өлчөмдө өндүрүү, сатуу жана ташууга аракеттенүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Ошондой эле шектүү күнөөсүн мойнуна алган.