Орусияда соттолгон 1167 Кыргыз жараны бар. Алардын 452си Кыргызстанга которулуудан баш тартышкан

Орусияда соттолгон 1167 Кыргыз жараны бар. Алардын 452си Кыргызстанга которулуудан баш тартышкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева билдирди.

«Орусияда 1167 кыргыз жараны соттолуп, абакта отурат. Анын 378и кайрылып, тапшырмалар берилген. Ошол эле учурда 452 жаран Кыргызстанга келүүдөн баш тартышкан. Мурда биздин материалдар 6 ай каралып жаткан болсо, азыр өз убагы менен каралып жатат. 

378дин 221и Орусиядан макулдук берилди. Алар келип жатат. Азыр бир эле көйгөй бар. Ал режимин аныктоо. Бирок бизге расмий баш тартуу келе элек. Ата-энелери экөөнө баш тартылганын айтып жатышат. Анткени жалпы режим берсеңер, биз бербейбиз деп жатат. А биз башка өлкөнүн мыйзамдарына кийлигише албайбыз», — деди башкы прокурордун орун басары.