Орусияда 34 жана 35 жаштагы Кыргыз жарандарынын өмүрү кыйылды

Орусиянын Тула облусунда кечээ, 23-сентябрда таң эрте «P-22 Каспий» шоссесинде катталган кырсыктын кесепетинен эки Кыргыз жараны көз жумду. Бул маалыматты Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен тастыкташты.

Маалыматка караганда, кырсыктын кеспетинен 35 жаштагы эркек киши менен 34 жаштагы аял киши көз жумган. Жалпысынан кырсыктан төрт адам каза болгон. Окуя боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренеси (жол эрежесин бузуу, байкабастыктан экиден ашык адамдын өлүмүнө алып келген) боюнча кылмыш иши козголду.