Орусияда топурактын алдында калган үч Кыргыз жаранынын сөөгү табылды

Орусиянын Геленджик шаарында курулуштан көчкөн топурактын алдынан үч кыргызстандыктын сөөгү табылды. Бул тууралуу «Спутник» жазды.

РИА Новости Кыргызстандын дагы бир жараны оор жаракаттар менен ооруканага жаткырылганын жазды. Курулуш жүргүзүүдөгү коопсуздук эрежелеринин бузулушу боюнча кылмыш иши козголду.