Орусияда унаа сүзүп каза болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине жөнөтүлдү

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Орусияда катталган жол кырсык тууралуу маалымат берди.

3-сентябрда саат 19:00 чамасында Москва шаарында таксист 1988-жылы туулган Орусиянын жаранын (Кыргызстанда туулган) сүзүп кеткен, ал алган жараатынан улам ошол жерде каза болгон. Сүзүп кеткен таксинин айдоочусу 1992-жылы туулган Кыргыз жараны болуп саналат, ал жол эрежесин бузуп, жол чырактын тыюу салуучу жарыгына өтүп кетүүгө аракет кылган. Кылмыш иши козголуп, таксист камакка алынган.

Элчиликтин жардамы менен тергөө органдары маркумдун агасына инисинин сөөгүн Кыргыз Республикасына алып кетүүгө уруксат алынып, маркумдун сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү.