Орусияда уулуна болушкан кыргыздын колу-бутун кескилеп салышкан окуя тууралуу ТИМ үн катты

Орусиянын Мирный шаарында (Якутия) өспүрүмдөр уулун коргогон кыргыздын колу-бутун канжар менен кескилеп салышкан. Окуя ушул жылдын 24-апрелинде болгон. Кол салуу учуру көзөмөл камераларына тартылып калган. 

Алгач жаңжал өспүрүмдөрдүн ортосунда башталган. Балдардын бирин топ балдар ур-токмокко алса, жабырлануучунун уулу ага жардам берген. Кийинчерээк алар баланын изине түшүп, үйдүн босогосунан аны сабап башташкан. Мунун баарын баланын атасы көрүп калган. Уулуна кол салуу учурунда ал уктап жаткандыктан кийими жок чуркап чыгууга туура келген. Ал эки өспүрүмдү кууп жеткен. Бирок алар канжар алып чыгып, бири далысын жана бутун кесип, экинчиси курсагын кескилеп салган. 

Окуя боюнча ТИМ маалымат таратты. “Достук” кыргыз диаспора уюмунун өкүлдөрү менен жергиликтүү  ыйгарым укуктуу мекемелердин, анын ичинде тергөө кызматынын жетекчилери менен жолугушуулар жүргүзүлгөн. Окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Болуп өткөн окуя боюнча кылмыш иши Саха (Якутия) Республикасынын бардык тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарынын өзгөчө көзөмөлүндө. “Достук” уюмунун жетекчисинин айтымында, жабырланган мекендеш Орусиянын жараны. Азыркы учурда анын ден соолугунун абалы жакшырууда», — дешти.