Орусияда ымыркайды көчөгө таштап кеткен кыргызстандык аял камакка алынды

Санкт-Петербургда сот кыргызстандык аялды 10-сентябрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу ЖМКлар жазды. 

Ал Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренеси («Коркунучта калтыруу») боюнча шектелүүдө.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 34 жаштагы кыргызстандык аял Купчино районундагы төрөт үйүндө 11-августта эркек бала төрөгөн. Ошол эле күнү ал дарыгерлердин уруксаты жок уулун алып төрөтканадан чыгып кеткен. Аялдын айтымында, бала керексиз болгондуктан, эжеси менен кеңешип, аны Санкт-Петербургдагы үйлөрдүн биринин босогосуна калтырууну чечкен. Ал арада окуянын видеосу жарыяланган. Видеодон бала көтөргөн аял кишини көрүүгө болот. Андан соң, баласы жок чуркап бараткан аял тартылып калган. Видеодогу аял ымыркайдын таежеси.

Ташталган бала тууралуу полицияга кечиеде маалымат түшкөн. Ал жуурканга оролуп ташталган. Ооруканада кароодон өтүп, абалы канааттандырарлык деп табылды. Баланын дени сак.