Орусиядагы 16 адамдын өмүрүн алган жол кырсык. Ооруканада оор абалда жаткан үчөө Кыргыз жарандары

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова соцтармактагы баракчасына Орусиядагы жол кырсык тууралуу маалымат алганын айтты.

«Азырынча так маалымат төмөндөгүчө: кайтыш болгон 14 киши Кыргыз жараны, экөө Орус жараны (бирөө Спринтердин, бирөө Фуранын айдоочусу). Үч Кыргыз жараны оор абалда ооруканада. Жакындары менен байланыштабыз. Эскертүү: Акыйкатчы же бизде иштеген аппарат, сырттагы кызматташкан жигердүү жарандарыбыз, элчиликтин же кайсы бир министрликтин, прокуратура, соттун ордуна иш кыла албайт. Улам-улам каттоо тууралуу укуктук талдоо жүргүзүп жатабыз. Сунушубузду Жогорку Кеңешке беребиз», — деп жазды ал.