Орусиядагы аэропортто тапанча менен Кыргыз жарандарынын 4 миллион долларын уурдап кетишти

Орусиянын Домодедово аэропортунда Кыргыз жарандары 4 миллион долларга тонолгон. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыгышты.

Аэропорттогу кишилерге куралчан белгисиз адамдар кол салып, акча салынган бир нече баштыктарды уурдап кетишкен. «Мынча көп сумма менен эки киши Москвага бизнес сатып алуу үчүн учуп кетишкен. Алар акчаны декларациялап, сумкаларды көтөрүп аэропорттон чыгары менен аларга эки унаа келип, куралчан адамдар чыгышкан. Акчаны алып, кылмышкерлер качып кетишкен. Кийинчерээк каракчылар келген эки унаа токойдо ташталган бойдон табылган», — деп жазылат басылмаларда.