Орусиядагы жарылууда каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок

14-августта Дагестанда болгон жарылуу жана өрткө байланыштуу, Тышкы иштер министрлиги Орусиянын компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматы боюнча каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок экенин билдирди.

Министрлик мекендештердин кайрылууларына ыкчам жооп берүү жана алар менен тыгыз байланышта болуу үчүн түз байланыш телефондору иштеп жатканын эске салат: +7 (925) 115-50-47, +7 (925) 285-50-47.