Орусиядагы жол кырсыктан кыргызстандык жаран көз жумду

Орусиянын Рязань облусунун Путятинск районунда Кыргызстандын жараны жол кырсыктан каза болду. Бул маалымат өлкөнүн облустук Ички иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

Жол кырсыгы 28-январда саат 19:20 чамасында М5 Урал унаа жолунун 307-чакырымында болгон. 61 жаштагы кыргызстандык жарым чиркегичи бар Volvo жүк ташуучу унаасын айдап бара жаткан.

Коопсуздук кызматкерлеринин айтымында, айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Жүк ташуучу унаа сол капталына оодарылып калган. Кыргызстандык ошол жерде көз жумган.