Орусиядагы кафеде 20 жаштагы кыргызстандык өлтүрүлдү. Кылмышка кесиптеши шектелип жатат

Орусиянын Ульяновск шаарындагы адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя шаардагы кафелердин биринде 20-декабрда болгон. 21 жаштагы жигит 20 жаштагы кесиптешин бычак менен сайган. Алган жаракатынан жаш жигит көз жумган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Каза болгон жигиттин кыргызстандык экени маалым болгон. Шектүү камалып, тергөө жүрүп жатат.