Орусиядагы кафеде чырдан улам ок атылган. 33 жаштагы Кыргыз жараны көз жумуп, дагы бирөө ооруканада

Москванын Зеленоград административдик округунда орусиялык жаран эки кыргызстандыкка ок чыгарган. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, 26-августтан кечинде аталган аймактагы кафеде чыр чыккан. Чырдын жүрүшүндө ок атылып, шектүү изин жашырган. Алган жаракатынан Кыргызстандын 1989-жылы туулган жараны окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми дагы бир кыргызстандык ооруканага жеткирилген. Кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип, 1984-жылы туулган жаран кармалды. Тергөө жүрүп жатат. Ал эми элчиликтин кызматкерлери маркумдун жакындары менен байланышта экенин билдиришти.