Орусиядагы кыргыз үй-бүлө 1 жашар баласынан айрылды

Орусиянын Москва облусунун Подольск шаарындагы кыргыз үй-бүлө 1 жашар баласынан айрылды. Бул тууралуу орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары күч органдарындагы булактарына шилтеме берүү менен жазышты.

Маалыматка караганда, 15-февралда кыргызстандык келин 2019-жылы жана 2020-жылы туулган балдарын бир нече мүнөткө ваннага калтырып кеткен. Кайра келгенде 1 жаштагы уулу ваннадагы сууга чөгүп, жүрөгү сокпой калганын көргөн.

Тергөө комитетинин маалыматына караганда, каза болгон наристе жууну үчүн отургучта (стульчик для купания) отурган.

«Учурда окуянын чоо-жайын тактоо үчүн тергөөчү тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим чыгарылат»,— деп айтылат маалыматта.