«Орусиядан чогуу келишкен». Орусиянын жаранын өлтүрүүгө шектелгендер Бишкектен кармалды

Орусиянын жаранын өлтүрүүгө шектелгендер Бишкектен кармалды. Алар буга чейин издөөгө алынган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

20-июнда саат 11:00 чамасында Токтогул РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө арыкта киши колдуу болгон европа түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча Токтогул РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголгон.

Кылмышка шектелип, 32 жана 24 жаштагы жарандар кармалды. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө каза болгон адамдын аты-жөнү такталып, ал 44 жаштагы жаран болуп чыккан. Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылдын июнь айында жаран өзүнүн унаасы менен шектүүлөр менен биргеликте Орусиянын аймагынан чыгып кетишкен. Алар Кыргызстанга келгенден кийин Орусиянын жаранын өлтүрүлүп, унаасын уурдап кетишкен. Ыкчам кызматкерлер унааны табышты.