Орусиялык журналистти өлтүрө сүзүп алган кыргызстандык мигрантка сот өкүм чыгарды

Орусиянын Хабаровск шаардык соту «Полиметалл» маалымат агенттигинин 47 жаштагы кызматкери, журналист Наталья Мичуринаны өлтүрө сүзгөн Кыргыз жаранына карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз жараны маршруттук таксинин айдоочусу болуп иштеген. 2020-жылы 23-октябрда кечинде көчөлөрдүн кесилишинде жол чырактын жашыл жарыгы күйгөндө өтүп бара жатып, журналист Наталья Мичуринаны сүзүп алган. Жөө адам жеринде жан берген. Ал эми айдоочу кеч болуп, ошол күнү жамгыр жаап жаткандыктан жөө адамдын өтүп бара жатканын байкабай калганын айткан.

Мындан улам орусиялык полиция кызматы айдоочу өзүнүн күнөөсүн моюнуна алган жана издөө иштерине жардам бергенин айткандыктан, сот каза болгон журналисттин жакындары күнөлүү адамга көп убакытка жаза берүүнү талап кылбаганын эске алып, айыпталуучуну 2 жылга эркинен ажыраткан. Жана айдоочулук күбөлүгүн алган.