Ош аэропортун реконструкциялоодо мыйзам бузуулар болгону аныкталды

Ош аэропортун реконструкциялоодо мыйзам бузуулар болгону аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

2020-жылдын сентябрь айынан 2021-жылдын январь айына чейинки аралыкта «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын жана ушул акционердик коомдун Ош филиалынын аэродромдук кызматынын айрым жооптуу кызматкерлери курулуш жана инерттик материалдарына болгон тийиштүү эсептик иш кагаздары жок, Ош эл аралык аэропортунун перронун реконструкциялоо боюнча аткарылган курулуш иштерин мыйзамсыз кабыл алышкандыгынын натыйжасында, курулуш компаниясы тарабынан аткарылган иштеринин көлөмү жана материалдарынын наркы 3,4 млн сомго ашыкча бааланып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталды.

Ошондой эле Ош аэропортунун перронунун айрым тилкелерине асфальт-бетондук катмары сапатсыз төшөлүп, бул курулуш иштери Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ош облусу боюнча башкармалыгы тарабынан ченемдик-укуктук актылардын талаптарын бузуу менен эксплуатацияга кабыл алынган.

Аталган факты боюнча текшерүү материалдары Башкы прокуратурасынын КЖБРне Жазык кодексинин 320-беренеси жана 233-беренеси менен катталып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө башкармалыгына тапшырылды.