«Ош» аэропортунда 1800 доллар уурдоого шектүү кармалды

2022-жылдын 15-декабрь күнү жаран арыз менен милицияга кайрылган. Анда ал 2022-жылдын октябрь айында белгисиз жарандар «Ош» аэропортунун жүктөрдү сактоо бөлмөсүнөн баалуу буюмдар жана 1800 доллар бар жол сумкасын уурдап кетишкендигин билдирген. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.

Ош ОИИБдин аэропортун тейлөө боюнча аба транспортунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде белгисиз жарандын аты-жөнү аныкталып, кылмышка болгон тиешеси такталып, 4-сентябрь күнү кылмышка шектүү катары кармалды. Ага карата Кылмыш-Жаза кодексинин 205-беренесинин уурдоо фактысы менен кылмыш иши козголуп, козголгон кылмыш ишинин негизинде каммакка алынды. Тергөө иштери уланууда.