«Ош» аэропортунда 2 килограмм алтын жасалгаларды алып чыгып бара жаткандар кармалды

19-март күнү алтын буюмдарды контрабандалык жол менен алып бара жаткан 4 Өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан маалымдашты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 51 жаштагы Өзбек жаранынан салмагы 500 граммды түзгөн ак алтындан жасалган зергердик жасалгаларды (эки билерик, бир шакек жана бир чынжырча), дагы бир 51 жаштагы Өзбек жаранынан салмагы 430 граммды түзгөн алтындан жасалган зергердик жасалгалар (эки шакек, бир билерик, бир чынжырча), 27 жаштагы Өзбек жаранынан салмагы 504 граммды түзгөн алтындан жасалган зергердик жасалгалар (бир шакек, эки билерик, бир чынжырча) жана 23 жаштагы Өзбек жаранынан салмагы 508 граммдан турган алтындан жасалган зергерлик жасалгалар (эки шакек, эки билерик жана бир чынжырча), баары болуп 1 килограмм 972 грамм алтындан жасалган зергерлик жасалгаларды тагынып өтүп бара жатышкан жеринен кармалган.

Бүгүнкү күндө аталган жарандардан көрсөтүлгөн алтын буюмдарын алган жерин жана эмне максатта алып бара жатышкандыгын аныктоо максатында текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.