Ош аэропортунда өзбек жарандарынан кымбат акы сураган окуя боюнча 105 таксист суракка чакырылды (видео)

Ош аэропортунда таксисттерге коюлган дооматтар боюнча 105 таксист суракка чакыртылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

— 2022-жылдын 3-августунда социалдык тармактарга Өзбекстандын жараны Ильес Рашидов Ош эл аралык аэропорту аркылуу мекенине кайтканда такси айдоочулар 6 чакырым жерге («Достук» өткөрмө жайына чейин) бааны 500 сомго көтөргөнүн айтып, видео кайрылуу жасаган. Окуяга милиция кызматкерлери менен ГАИ кызматкерлери кайдыгер карап койгонун билдирген. Бул билдирүү 2022-жылдын 3-август күнү Ош ОИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Ош эл аралык аэропортунда 105 такси кызматын көрсөткөн айдоочулар бар экендиги такталып, баары тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн чакырылган. Алардын ичинен 25 айдоочу сурак беришти. Калгандары да кезек менен келип көрсөтмө берип жатышат.

Окуя боюнча Рашидовго жол акысы 500 сом болот деген айдоочу табылып, сурак берген.  Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деп жазылат маалыматта.