Ош аскер комиссариатынын кызматкери пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
21-августта пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош аскер комиссариатынын кызматкери Айфон уюлдук телефонун пара катары алып жаткан жеринен кармалды.
Кармалган Аскер комиссариатынын кызматкери альтернативдик аскер кызматын өтөө боюнча оңдуу чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүсү үчүн уюлдук телефонду пара катары талап кылган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Аскер комиссариатынын кызматкери кармалып, Ош гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди.