Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоодо 189 миллион сом кымырылган

Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан 2017-2021-жылдары “Ош-Баткен-Исфана” автожолунун 75-108 чакырымын реконструкциялоо проектиси боюнча подряддык компанияга 20 миллион 136 миң 220 доллар которулгандыгы аныкталган.
Бирок аталган министрликтин жооптуу кызмат адамдары подряддык компания 189 миллион 200 миң 223 сомдук жумуштарды аткарбагандыгына карабастан, атайын банктык кепилдикти узартпастан, жумуш аткаруу актыларын негизсиз кабыл алышып, жолду мыйзамсыз эксплуатацияга киргизип, натыйжада мамлекетке 189 миллион 200 миң 223 сомдук зыян келтирилген.