Бүгүн, 18-майда Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Ош-Баткен-Раззаков унаа жолуна саат 12:00 чамасында (Көк-Жар айыл аймагынын Жийде айылы) сел жүрүп, кум шагылга толтуруп салган.
Унаа жолу жабылган, жерине Ноокат райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ жана №37 ЖТИден жүктөгүч тартылып жол толук тазаланды. Учурда жол ачык.