«Ош базарда» эски таарынычтан улам эркек кишиге бычак сайылган

Бишкектин милициясы ден соолукка зыян келтирген жаранды кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-ноябрда милицияга ооруканадан билдирүү түшкөн. Анда эркек кишинин бычактан жаракат алганы айтылган. Жерине барган милиция жабырлануучудан арыз алган. Анда ошол эле күнү «Ош базарынын» аймагында чала таанышы менен уруша кетип, мурдагы таарынычтан улам курсагына бычак сайганы айтылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган жаран кармалды. Ал буга чейин чөнтөкчүлүк кылып соттолгон. Тергөө уланууда.